Тогуз-Торо районунда 200 үй-бүлөгө ун жана май берилди
“Ихсан Хайрия” кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25кг ун, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды таратты. Келе жаткан орозо айына карата кайрымдуулук ирээтинде райондун 5 айыл аймактардын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.