Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамын жана “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу, КРнын БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата мамлекеттик тилди даңазалоо жана өнүктүрүү максатында 2023-жыл ичинде райондук мекеме ишканалар арасында “Тил кербен” кезмегине активдүү катышкан мекеме ишканалардын жетекчилерине ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
Мындан сырткары райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери КРнын саламаттык сактоо министрлигинин төш белгиси жана Ардак грамоталары тапшырылды. Сыйлыктарды район акими Манас Мураталиев тапшырып, сыйлык ээлерин куттуктады.