ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРАСЫНЫН ЖЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН УКУКТУК ЧЕНЕМДИК АКТЫЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ БАГЫТЫ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШ-ЧАРАЛАР ТУУРАЛУУ
Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын буйруктарынын жана башка көрсөтмөлөрүнүн, тапшырмаларынын негизинде иш алып барылды. Мыйзамдарды аткаруудагы көзөмөлдөө ишинде Тогуз-Торо райондук прокуратура тарабынан мамлекеттин мыйзамдуу таламдарын коргоого көбүрөөк багытталып, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрдү, мамлекеттик менчикке жана бюджеттик каражаттарга…