Үйдөн чыкпай туруп Түндүк мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алыңыз
“Түндүк” тиркемеси аркылуу салык отчетторун тапшырууга, мамлекеттик органдардан маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү алууга болот. Бул документтердин түпнускасын алып жүрбөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, жол кыймылыны көзөмөлдөө инспекторлоруна (МАИ) тиркеме аркылуу автотранспорт башкарууга укук берүүчү күбөлүктү, өздүгүн аныктоочу документти (паспорт) көрсөтсө болот. Мындан сырткары бүгүнкү күндө электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жардамы менен төмөндөгү…