Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районуна расмий иш сапар менен келип кетти

2025-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районуна расмий иш сапар менен келип, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилер, аксакалдар кеңеши, айыл имамдары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ыйман, адеп-ахлак, КР Президентинин 24.02.2022-жылдагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар…