Каргалык айыл аймагында хоккей ойноочу аянтчасы ачылды

Райондо кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү максатында Казарман айылында узуну 60 метр, туурасы 35 метр хоккей ойноочу аянтчасы ачылды.
Ага район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, Хоккей федерациясынын президенти Турдаалы Аскарбеков, райондук О.Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин хоккей боюнча командасы, машыктыруучулары, айылдык кеңештин төрагалары Таалайбек Токтоболотов, Урмат Токтожумаев мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.
Район акиминин өз сөзүндө хоккей аянтчасынын ачылуусу бүтүндөй район эли үчүн жакшы жышаан жана кышкы спорттун түрү боюнча аренага чыгууга мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса белгиледи
Аким Манас Мураталиев хоккей оюнуна расмий ачылышына старт берди.
Аянтчаны жергиликтүү бюджеттин жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply