Тогуз-Торо районунун 2023-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.

Жыйынга район акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегияда Тогуз-Торо районунда 2023-жылдын жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, тармактардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленди.
Аким Манас Мураталиев электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, архитектуралык курулуштарды иретке келтирүү, жакырчылыктын санын азайтуу, жарандарга жаңы жумуш орундарын түзүү, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, медициналык камсыздандырууну калк арасында күчөтүү, жергиликтүү казынанын киреше булагын көтөрүү боюнча тийиштүү айыл аймактардын айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Район акими айыл аймактарда аткарылган жумуштарды эсептик тактоодо мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, статистика бөлүмү менен тыгыз иш алып барууну тапшырды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply