Тогуз-Торо районунда 15-февраль Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.
Аталган иш-чарага район акими Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары жана ооганчылар катышты.
Район акими Манас Мураталиев Ооган согушунун катышуучуларынын 35 жылдыгы, алардын ооган согушунда көрсөткөн эрдигин, тайманбастыгын баса белгилөө менен бирге бакубат жашоо, иштерине ийгилик каалады.
“Ооган согушунун 35 жылдыгы” юбилейлик медалдары, Ардак грамота жана айыл аймактардын айыл өкмөттөрү тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары тарабынан уюштурулган “Ооган издерине 35 жылдыгын” эскерүү менен жоокер ырлары жана сахналаштырылган көрүнүштөрдү көрсөтүшүп, район А.Сыдыков атындагы Маданият үйүндө концерттик программа тартууланып, сый-тамак уюштурулду.
Эскерте кетсек, ооган согушуна Тогуз-Торо районунан 18 жоокер катышып, 12 аскер кайтып келген.