Тогуз-Торо районунда «Жооптуу бол!» эркектердин саламаттыгын текшерген бир айлык өнөктүк уланууда

Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун дарыгерлери 1-февралдан 29-февралга чейин “Жооптуу бол!” бир айлык акциянын алкагында райондогу мекеме ишканалардын мырзалар арасында жугуштуу оорулар, кант диабети, кан басымы жогору, жүрөк оорусу сыяктуу жугуштуу эмес ооруларды ️аныктоо максатында медициналык кароодон өткөрүп атайын маалымат баракчалары таратылды.
Акция 1-февралдан 29-февралга чейин уланат. Бул убакыт аралыгында эркектер айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, фельдшердик акушердик пунктарга кайрылып, медициналык кызматкерден бекер медициналык кеңеш ала алышат.
Бир айлыктын алкагында эркектер үчүн атайын кабыл алуу сааттары уюштурулат, бул өз кезегинде медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери “Жооптуу бол!” бир айлык акциясына активдүү катышууга чакырат!
Эгерде сиздер – дени сак жашоо образын түзгүңүздөр келсе, акцияга катышыңыз жана саламаттыгыңызга кам көрүңүз!
Дени сак жашоо -дени сак район!
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply