Жаңы дайындоо

Темирбек Арун уулу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, КР Президентинин администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 19-февраль күнү Темирбек Арун уулун эмгек жамаатка жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерине район акими Манас Мураталиев тааныштырды.
Темирбек Арун уулу
1977-жыл, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна Казарман айылында туулган
Билими: жогорку, 1999-жылы Менеджмент, бизнес жана туризм институтун бүтүргөн.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу, Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу
07.02.2022 Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
14.10.2019 “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Тогуз-Торо филиалынын директору.
17.06.2016 Тогуз-Торо райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы.
09.06.2014 Тогуз-Торо райондук эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы
09.07.2012 Тогуз-Торо райондук эмгек, ишке орношуу жана миграция бөлүмүнүн башчысы
01.07.2010 Тогуз-Торо райондук эмгек, ишке орношуу жана миграция бөлүмүнүн башчысы
28.01.2009 Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында экономика жана өнөр-жай секторунун башчысы
06.04.2006 Тогуз-Торо райондук кеңешинин төрагасы
28.08.2000 Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында башкы экономист, финансы-экономика боюнча башкы адис, аппарат жетекчинин милдетин аткаруучу
20.01.2000 Тогуз-Торо райондук финансы бөлүмү, аудитор
15.08.1999 “Адилет” дыйкан чарбасы, бухгалтер
15.08.1995 Менеджмент, бизнес жана туризм институту
01.07.1994 “Адилет” дыйкан чарбасында мүчө
Үй-бүлөлүк абалы- 1 уул, 4 кыздын атасы
Класстык чини: Муниципалдык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply