“Ихсан Хайрия” кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25кг ун, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды таратты.
Келе жаткан орозо айына карата кайрымдуулук ирээтинде райондун 5 айыл аймактардын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.