Тогуз-Торо районунда мекеме-ишканалар арасында “Ден соолукту спорт менен чыңдайлы” кышкы оюндардын мелдеши өттү.

 Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, мекеме ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.
Спорттук иш-чарага жалпы мекеме ишканалардан куралган 9 команда катышып, дене тарбия жана спорт комитети тарабынан лыжа жарышы жана хоккей боюнча беттештер болуп өттү.
Беттешүүдө 1-орунду Тогуз-Торо РИИБнүн “Динамо” командасы, 2-орунду “Жашыл мурас” командасы, 3-орунду “Намыс” командасы утту.
Спорттук мелдеш Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен, жаштар саясаты жана спорт комитетинин кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, райондук жаштар комитетинин колдоосу менен алдыңкы орунду алган командаларга кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын максаты дене тарбия жана спортту даңазалоо, сергек жашоо образын калыптандыруу жана мекеме-ишканалар арасында ынтымакты бекемдөө.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply