Тогуз-Торо: Аким Чет-Булак айылынын эли менен жолугушту.

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Каргалык айыл өкмөтүнүн Чет-Булак айылынын эли менен жолугушту. Жолугушууга райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Алгач Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев 2024-жылга аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң жашоочулар тарабынан күйүүчү майдын сапаты, арык каналдарды…