4-февралдан 10-февралга чейин-Бүткүл дуйнөлүк Рак илдетине каршы күрөшүү күнүнүн бир жумалыгы өтүүдө.
Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлер тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери тарабынан репродуктивдүү жаштагы аялдарга рак илдети тууралуу маалыматтар берилди.
Анда рак оорусуна алып келүүчү азыктар жана ооруну алдын алуу боюнча баракчалар берилип, катышуучулар суроолоруна жоопторду алышты.
Андан сырткары медициналык кароодон өткөрүштү.
Эске салсак Дүйнөлүк Ракка каршы күрөшүү уюму 2000-жылы кабыл алган. Онкологиялык оруулардан жылына 8 миллиондой адам каза болот. Дүйнөдө өпкө рагы менен жабыркагандар басымдуулук кылат жана бул дартка чалдыгуунун бирден-бир себеби чылым чегүү болуп эсептелет.
РАК ИЛДЕТИНЕН САК БОЛУҢУЗ!