Тогуз-Торо районунда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан “Агродиалог 2024″ форуму өткөрүлдү.
Форумга Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү, үрөнчүлүк чарбалар, мөмө-жемиш ассоциациясы, жергиликтүү фермер дыйкандар катышты. Форумда айыл-чарба чөйрөсүндө иш алып барып жаткан алдыңкы ишкерлер менен таанышып, пикир алышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө…