Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Каргалык айыл аймагынын эли менен жолугушту

Акимдин эл менен жолугушуусу Каргалык айыл аймагынын Кара-Суу, Табылтгыты, Чет-Булак жана Казарман айылдарында өтүп жыйынтыкталды.
Алгач жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү, техника, үрөндөр боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы маалымат берди.
Андан соң тургундар суроолоруна жоопторду алышты.
Табылгыты айылынын жашоочулары Нарын дарыясынан ылайка сууну күнүмдүк жашоосуна пайдалангандыктан таза суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышты. Аким аталган айылдын көйгөйүн жеринен көрүп, таза суу маселеси чечиле тургандыгын убадалады.
Табылгыты айылдагы “Айзирек” бала бакчасынын эмгек жамааты имараты авариялык абалда экенин айтып, жаңы бала бакча салуу боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Бала бакча боюнча долбоор даярдалып жатканын айтты.
Чет-Булак айылынын эли эгин талааларын сугарууда көйгөйлөргө токтолду. Аким Айры-Таш участкасында жайгашкан суу топтолуучу кампанын абалы менен жеринен көрүп, жогорку Ак-Күп каналын ишке кирсе суу таңкыстыгы чечилерин айтты.
Жолугушуунун соңунда Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жарандар тарабынан айтылган ар бир маселени карап чыгуу менен кыска убакыттын ичинде аларды чечүү боюнча тапшырма берди.
Белгилей кетсек Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин эл менен жолугушуусу 1-апрелде башталып жалпы 12 айылдын эли менен жеринен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply