Тогуз Тородо жазгы аскерге чакыруу иштери башталды.

Район боюнча 1-этабына 8 бала өз кызматын өтөөгө жөнөп кетти. Жаш жоокерлер Балыкчы шаарынын аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө барат.
Алардын салтанаттуу күзөтүүгө Тогуз-Торо райондук Аскер комиссариатынын аскер комиссары, подполковник Бекзат Мурзажанов, афган согушунун ардагерлери, аксакалдар жана ата-энелери катышып, жоокерлерге ак жол каалашты.
Белгилей кетсек, “Жарандардын аскердик милдетин өтөөсү” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, аскердик кызмат өтөбөгөн жарандар мамлекеттик кызматтарга ээ боло алышпайт.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply