Тогуз-Торо районунда 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата веложүрүш өткөрүлдү
Райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлеринен куралган велосипедчендер “Биз дени сак жашоо үчүн” аталышындагы “Веложүрүш” өттү.
Спорттук иш-чара райондук оорукананын алдынан башталып, велосипед сүйүүчүлөрдүн башын бириктирди.
Маданият бөлүмүнүн жаштар саясатынын алдындагы велосипед сүйүүчүлөр клубунун жетекчиси Жуман Кубанычбековдун демөөрчүлүгү менен катышуучуларга белектерди тапшырып, ийгиликтерди каалап, экологиялык жактан таза вело транспорттун түрүн колдонууга чакырды.