Урматтуу Тогуз-Торо районунун кыз-келиндери! Сиздерге жагымдуу жаңылык менен бөлүшүүгө кубанычтабыз!

🏛️“СЕДЕП” долбооруна катышууга кол өнөрчүлүккө жана туризмге кызыккан жана алектенген кыз-келиндерди чакырабыз.🚀
📍Долбоордун негизги максаты – креативдуу индустриялар жана туризмди өнүктүрүү, кыз-келиндердин ишкердигин жакшыртуу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү📈. Ошондой эле алардын лидерлик жана ишкердүүлүк сапаттарын шыктандыруу менен киреше булагын ачуу.👩🏻💼
🚀Бул долбоордун алкагында кыз-келиндер төмөнкү багыттар боюнча билимди жана көндүмдөрдү тренингдерде жана мастер-класстарда ала алышат:👇🏻
🤝Бизнести пландаштыруу жана маркетинг боюнча окутуу жана насаатчылык колдоо
📔 Жеке ишкердиктин укуктук негиздерин үйрөтүү
💡 Санарип туризм платформаларын колдонуу тренинги: Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу
📱SMM боюнча тренинг: Instagram, Facebook социалдык тармактарын бизнесте эффективдүү колдонууну;
📌Электрондук коммерция көндүмдөрүн үйрөтүү
🏕 креативдуу, тоо жана окуялуу туризмдин көндүмдөрүн, альпинисттик жана туристтик шаймандарды колдонуу жана башкаруу көндүмдөрүн үйрөтүү
👩🏻💼экскурсовод, тоо гид көндүмдөрүн үйрөтүү, тур жана экскурсияларды уюштуруу жана өткөрүүгө үйрөтүү
👩🏻🍳 конок үйлөрүндө тейлөөгө, конок үйлөрүндө коомдук тамактануу кызматына үйрөтүү
👩🏻🎨туристтерди тартуу үчүн этно-шоуларды көрсөтүү көндүмдөрүн калыптандыруу
жана ошондой эле:👇🏻
– лидерликтин негиздери,
– эффективдүү баарлашуу,
– командада иштөө,
– социалдык өнөктөштүк көндүмдөрү,
– социалдык жана бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу,
– гендердик теңчилик
– GALS жана BALI ыкмаларын окутуу
– психологдун кеп-кенештери
📍Долбоорго кимдер катыша алат?
Тогуз-Торо районунда жашаган 18-35 жашка чейинки кыз-келиндер.🤱🏻
Кошумча маалымат алуу үчүн 0773316466 кайрылсаныз болот.
Долбоорго катышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп, анкета толтуруңуз.📌
❗️Бул анкетаны толтуруунун акыркы күнү 21-апрель, саат 18:00гө чейин🗓
🙌🏻 Бул окутуулар жана иш-чаралар Сизге жеке өнүгүүгө багытталган тренингдерге катышууга, ийгиликтүү жумуш издөөгө жана өз бизнесиңизди баштоо үчүн зарыл болгон керектүү көндүмдөрүн алууга жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет.
______
«СЕДЕП» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro.NGO! e.V. эл аралык уюму менен өнөктөштүктө аткарылууда
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply