Тогуз-Торо районунда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан “Агродиалог 2024″ форуму өткөрүлдү.

Форумга Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү, үрөнчүлүк чарбалар, мөмө-жемиш ассоциациясы, жергиликтүү фермер дыйкандар катышты.
Форумда айыл-чарба чөйрөсүндө иш алып барып жаткан алдыңкы ишкерлер менен таанышып, пикир алышууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга, бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга, ошондой эле өндүрүлгөн азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Катышуучулар жерди азыктандыруу, туура пайдалануу жана бирдиктүү айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча суроолоруна жоопторду алышты.
Спикерлер агроөнөржай комплексин кредиттөө, айыл-чарба техникаларынын, асыл тукум мал лизинг шартында берилүүчү насыялар боюнча маалымат берилди.
Окутуунун 2-күнүндө жазгы айыл чарба техникаларын агротехникалык эрежеге ылайык пайдалануу, жерди үрөн себүүгө даярдоо жана топуракты курамын анализдөө боюнча көндүмдөр көрсөтүлүп жер айдоодо старт берилди.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply