Тогуз-Торо районунда 7-апрель-Элдик революциясында курман болгондор эскерилди

Эскерүү иш-чарасы райондук Маданият үйүндө өттү. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Эскерүү иш-чарасында 7-апрель-Элдик революциясында курман болгондор эскерилип куран окулду.
Акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек 7-апрель окуясында элдин толкуну адилеттүү, мыйзамдуу, калыс, ачык башкаруу үчүн көтөрүлгөнүн айтып, тынчтык каалады.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply