Акимдин эл менен жолугушуусу Атай айыл аймагынын Карл-Маркс, Арал, Бирдик жана Атай айылдарынын тургундарынын көйгөйлөрүн угуп, жеке маселелерин айтып, суроолоруна жооп алышты.
Анда айылга жол салуу, саламаттыкты сактоо, жер, турак-жай, жайыт, мал чарбачылыгы, ишкердикти колдоо жана башка социалдык маанилүү маселелер айтылды.
Жарандар тарабынан айтылган ар бир көйгөйдү айыл өкмөткө, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырма берип, жарандарды убара кылбоого чакырды.
Аким жергиликтүү бийлик өкүлдөрү калк менен тыгыз байланышта болуу маанилүүлүгүн белгилеп, тургундардын көйгөйлөрүн чечүүдө жана аларды жеке кабыл алууга ачык экенин айтып, айыл элин ынтымакка чакырды.
Соңунда айыл чарба багытында маалыматтар берилип, жазгы талаа жумуштарына байланыштуу техникаларды убагында камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.