Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Тогуз-Торо айыл аймагынын Дөдөмөл, Кош-Булак айылынын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушууга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев 2024-жылга аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди.
Райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жазгы талаа иштери, жайыт жерлерди туура пайдалануу жана үрөнчүлүк чарбалары боюнча маалыматтар берилди.
Андан соң жашоочулар жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, Казарман-Акталчат жолун сүрдүрүү, таза суу маселелери айтылды. Аким элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле бир катар көйгөйлөрдү ушул жылдын бюджетинен чечиле турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, акимдин эл менен жолугушуусу эртең Атай айыл аймагынын Карл-Маркс айылында саат 10:00дө өтөт