Тогуз-Торо районунда «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын имараты пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка район акими Манас Мураталиев, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Мирслав Аманкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана парктын кызматкерлери катышты. Жаратылыш паркы 2015-жылы 11-сентябрда жаратылышта сейрек кездешүүчү флора менен фаунаны коргоо максатында уюшулган. Паркка 2018-жылы…