Тогуз-Торо районунда «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын имараты пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка район акими Манас Мураталиев, КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору Мирслав Аманкулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана парктын кызматкерлери катышты.
Жаратылыш паркы 2015-жылы 11-сентябрда жаратылышта сейрек кездешүүчү флора менен фаунаны коргоо максатында уюшулган. Паркка 2018-жылы жер бөлүнүп, курулушу токтоп турган. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу, ПРООН-ГЭФтин “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” жана “Ар кандай пайдаларды алуу үчүн негизги глобалдуу маанилүү экотутумдарды сактоо жана туруктуу башкаруу” долбоорунун каржылоосу жана “Тогуз-Торо” өнүктүрүү фондунун карыжылоосу менен имараттын курулуш иштери аяктап пайдаланууга берилди.
Аталган паркта 16 кызматкер эмгектенип, жаратылыш паркты коргоо, браконьерликке каршы жана сейрек кездешкен жаныбарлардын эсебин алуу максатында фотокапкандар орнотулган. Паркта жалпысынан 20 фотокапкан орнотулуп, убактысы менен алмаштырылып турат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply