Райондук Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө келе жаткан жаңы жыл майрамы өткөрүлдү. Иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, акимдин биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова айыл өкмөтүнүн башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Район акими жалпы жарандарды жаңы кирип келе жаткан 2024-жылы менен куттуктап, 2023-жыл ичинде аткарылган иштерди белгилеп, калктын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы жумуштар улантылаарын кошумчалады.
Соңунда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жумушунда үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар кызматкерлер сыйланышты. Жыл жыйынтыгы менен мыкты мекеме ишкана жетекчилери сыйланып, “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылды.
Соңунда райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жаңы жылдык жомок жана майрамдык концерт тартууланды.