Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы «2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын” ишке ашыруу максатында “Тогуз-Торо Жаштар бизнес-акселератор” сынагын жарыялайт.

«2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепциясын”  ишке ашыруу максатында жарыяланган “Тогуз-Торо Жаштар бизнес-акселератор”  конкурсунун жобосу

 

  1. Конкурстун максаттары жана милдеттери
  2. Конкурстун негизги максаты коомдун экономикалык өнүгүшү үчүн олуттуу жакшыртууларды түзүү, социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган актуалдуулукка жана практикалык мааниге ээ болгон инновациялык бизнес долбоорду ишке ашыруу. Жаштар арасындагы  ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
  3. Конкурстун милдеттери:
  • келечектүү долбоорлорду аныктоо, талдоо жана илгерилетүү;
  • жаштарды, окуучуларды шыктандыруу, бизнес долбоорлорун колдоо;
  • райондогу ойлоп табуучулук жана инновациялык иште жаштардын кызыкчылыгын жана жигердүүлүгүн жогорулатуу.
  1. Уюштуруучулар төмөнкүлөрдү камсыздайт:
  • бардык катышуучулар үчүн бирдей шарттарды;
  • коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Конкурс жөнүндө маалыматтарды берүү;
  • Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды алар расмий жарыяланган датадан мурда ачыкка чыгарууга жол берилбейт.
  1. Жеңүүчүлөрдүн саны Конкурстук комиссиянын чечими менен аныкталат.
  2. Конкурсту уюштуруучу – Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы.

 

  1. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөтү
  2. Конкурстун жарыяланган күнү: “10” январь 2024-жыл

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:  “01” апрель  2024-жыл

  1. Конкурска катышуу үчүн катышуучулары тарабынан жобого ылайык өтүнмөнүн формасы толтурулат.
  2. Конкурска катышуу үчүн өтүнмө берүүнүн формасын толтуруу 1-тиркемеге ылайык толтурулуп, комииссиянын катчылыгына төмөндөгү дарекке тапшырылышы керек toguz_torouskiyi_gosadm@mail.ru,  же байланыш номер: 0373850249

Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок  Молдо №53 көчөсү.

  1. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү узартылган же башка өзгөртүүлөр киргизилген учурда уюштуручу тарабынан маалымат https://toguz-toro.org.kg/  расмий сайтына жайгаштырылат.

Катчылык өтүнмөлөрдү кабыл алат жана каттайт. Өтүнмөлөрдү кабыл алып бүткөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде Катчылык Конкурстун талаптарына документтердин ылайык келишин текшерет.

  1. Конкурстун бардык катышуучуларынын тизмеси Тогуз-Торо райондук малекеттик администрациясынын https://toguz-toro.org.kg/ расмий сайтына жарыяланат.
  2. Уюштуруучу Конкурстук комиссиянын курамын кесипкөй көз карандысыз эксперттердин санынан бекитет.
  3. Конкурстук комиссия ар бир стартап долбоорду төмөнкү чен белгилери боюнча баалайт:

1) долбоордун  инновациялуулугу;

2) долбоордун социалдык мааниси;

3) долбоорду коммерциялаштыруу келечеги;

4) Конкурска катышуунун алкагында жакынкы жарым жылда долбоорду өнүктүрүү планы.

  1. Катышуучулар тарабынан Конкурстук комиссияга презентациялар сунушталат, аны ар бир катышуучу түшүндүрүп сунуштоого 20 мүнөткө чейин убакыт берилет. Презентация ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык маалыматты камтышы керек.
  2. Стартап долбоорлорду баалоо үчүн Конкурстук комиссия стартап долбоорлорду баалоонун индикаторлору менен баалоо барагын толтурат, ал биринчи отурумда бекитилет. Баалоо барагы стартап долбоорлорго коюлган негизги талаптарды камтыйт, аларга ылайык келүү балл түрүндө бааланат. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Алдын ала тандоонун жыйынтыгы Тогуз-Торо райондук администрациясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
  3. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулардын арасынан 3 жеңүүчү аныкталат.
  4. Конкурстук комиссия добуштардын көпчүлүгү менен добуш берүү аркылуу сыйлык орундарын аныктайт. Добуштар бирдей болгон учурда, Конкурстук комиссиянын төрагасынын  добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет.

 

  • Комиссиянын курамы
  1. Конкурстук комиссиянын курамы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын-акимдин буйругу менен бекитилет.

Конкурстук комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киргизилет:

  • Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары;
  • Райондук Финансы башкармалыгынын башчысы;
  • коомчулуктун өкүлү;
  • Жаштар уюмунун өкүлү;
  • Райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар, спорт иштери боюнча адиси;
  1. Комиссиянын катчылыгын Райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар, спорт иштери боюнча адиси алып барат.

 

  1. Конкурстун сыйлык фонду
  2. Конкурстун сыйлык фонду 150 000 (бир жүз элүү миң) сомду түзөт.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй акчалай сыйлык тапшырылат:

1-орун- 60000 (алтымыш миң) сом;

2-орун- 50000 (элүү миң) сом;

3-орун- 40000 (кырк миң) сом;

 

 

  1. Конкурстун катышуучуларынын жана уюштуруучунун укуктары жана милдеттери
  2. Катышуучулар
  • конкурстун Катчылыгынан конкурстун мөөнөтү жана эрежелери жөнүндө маалымат алууга укуктуу;
  • конкурска катышуучуну кабыл алып, ушул Жобо менен өз макулдугун тастыктайт.
  • конкурска катышууга өтүнмөнү тариздөөдө зарыл болгон анык маалыматтарды көрсөтүүгө жана берүүгө милдеттүү;
  • конкурска катышуу максатында жеке маалыматтарды, анын ичинде фамилияны, атын, атасынын атын, телефон номерин жана электрондук почтанын дарегин пайдаланууга макулдугун берет;
  • катчылык тарабынан конкурска катышуу максатында жеке маалыматтарды чогултууга, сактоого, пайдаланууга, иштеп чыгууга жана жайылтууга макулдугу берилет, ал санкцияланбаган ачыкка чыгаруудан маалыматтарды коргоонун зарыл чараларына кепилдик берет;
  • конкурстун жыйынтыгы боюнча расмий жарыяланганга чейин сыртка таратууга болбойт.
  1. Уюштуруучу:
  • ушул Жобого ылайык Конкурсту токтотууга укуктуу жана катышуучуларга Тогуз-Торо райондук малекеттик администрациясынын https://toguz-toro.org.kg/  расмий сайтына  жайгаштыруу аркылуу кабарлайт.
  • Уюштуруучулар өз каалоосу боюнча сынакты жокко чыгарууга, токтотууга, токтото турууга же узартууга, ошондой эле регламенттин шарттарын каалаган убакта жана кандайдыр бир себеп менен өзгөртүүгө укуктуу, арыз ээлеринин же башка адамдардын алдында эч кандай жоопкерчилик тартпастан.

 

Сынактын уюштуруучуларынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

-алдыдагы Конкурс жөнүндө билдирүү;

-сынактын катышуучуларынын документтерин кабыл алуу жана каттоо;

-документтерди эсепке алуу жана сактоо;

-Эксперттик кеңештин ишин уюштуруу;

-конкурстун жыйынтыгын чыгаруу;

-сынактын жыйынтыгы чыгаруу үчүн салтанаттуу аземди уюштуруу.

 

  1. Сынактын жеңүүчүсү менен келишим түзүүнүн тартиби жана берилген отчеттордун курамына талаптар
  2. Жумуш келишимин түзүү сынактын жеңүүчүлөрү болгон жеке адамдар менен жүргүзүлөт. Келишимди түзүү учурунда грант алуучунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясы менен башка эч кандай жарактуу келишимдери болбошу керек.
  3. Келишим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

– гранттын максаты жана анын өлчөмү;

– иш тартиби;

– ишти аткарууга кеткен чыгымдардын сметасы;

– грантты которуунун шарттары;

– иштин бүткөндүгү жөнүндө отчетту берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана тиркелген документтердин тизмеси;

–  башка жоболор.

Сынактын жеңүүчүсү Тогуз-Торо районунун мамлекеттик  администрациянын сайтында сынактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде Келишимди толтурууга жана кол коюуга милдеттүү.

  1. Гранттык каражаттарды которуу эки тарап Макулдашууга кол койгондон кийин ишке ашырылат.
  2. Макулдашуунун 1-этабында долбоорду ишке ашыруунун натыйжалары боюнча грант алуучу төмөнкү маалыматтарды берет:
  • иштин аяктагандыгы жөнүндө отчет (аралык);
  • Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын түзүлгөндүгүн ырастоочу документтер;
  • гранттык каражаттардын чыгымдалышы боюнча финансылык отчет.
  1. Келишимдин 2-этабында долбоорду аяктоонун жыйынтыгы боюнча грант алуучу төмөнкү маалыматтарды берет:
  • иштин бүткөндүгү жөнүндө отчет (жыйынтык);
  • гранттык каражаттардын чыгымдалышы боюнча финансылык отчет;
  • долбоордун бизнес планы;
  • стартап-долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө отчет;
  • түзүлгөн продукт/технология/кызмат жөнүндө материалдар.
  1. Иштин аяктагандыгы жөнүндө жыйынтык отчетту, гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетту администрация кабыл алгандан жана иштин 2-этабын аяктагандыгы жөнүндө актыга кол коюлгандан кийин келишим аткарылды деп эсептелет.
  2. Грант алуучу иштин кийинки этабын бүтүрө албаса, ошондой эле ушул планда белгиленген мөөнөттө грант алуучу тарабынан берилген келишимдин календардык планына ылайык отчеттук документтер жок болгон учурда Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы грант алуучудан ушул этаптын наркынын өлчөмүндө гранттык каражаттарды же келишим боюнча иш жүзүндө которулган каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

  • Жобонун корутундусу

29.         Конкурсту  өткөрүү процедурасына тиешелүү бардык дооматтар комиссияга электрондук почта toguz_torouskiyi_gosadm@mail.ru аркылуу жөнөтүлүшү керек.

30.         Бардык дооматтар комиссия тарабынан 10 жумушчу күнгө чейин каралат.Доомат так жана түшүнүктүү болушу керек.Төмөнкү маалыматтар берилет:-  дооматтын маңызы;-  доо берген катышуучулардын толук аты-жөнү;-  катышуучулардын телефон номерлери;-  катышуучулардын почта даректери.

31.         Дооматты кароонун натыйжалары боюнча комиссиянын чечими акыркы чечим болуп саналат.   Арыз берген катышуучуларга, комиссиянын чечими электрондук почта аркылуу кабарланат.

32.         Катышуу учурунда катышуучу пикирин өзгөртсө же конкурстан баш тартса,  Акселератор Стартап долбоорунун уюштуруучусуна кат жөнөтөт.

33.         Катта өзгөртүүнүн себеби, ошондой эле толук аты-жөнү, электрондук почта дареги камтылууга тийиш.

 

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply