Тогуз-Торо районунда акимдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү

Казарман айылындагы √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде Тогуз-Торо районунун акиминин жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Ага аким Манас Мураталиев, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук жетекчилер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Акимдин балаты майрамында мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, камкорчуларынан ажыраган жана окууда ийгилик жараткан 150дөй балага белектер тапшырылды.
Балаты майрамы райондук балдар чыгармачылыгынын окуучулары тарабынан концерттик программалар тартууланды.
Акимдин резервдик фондунан жана демөөрчүлөр тарабынан жаңы жылдык балаты майрамына 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply