Атай айыл аймагында “Дени сак эне-дени сак өлкө” спорттук мелдеш өттү.

Тогуз-Торо районунун Атай айылында “Дени сак эне-дени сак өлкө” аттуу үй-бүлөлөр арасында мелдеш өтүп, ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Атай айыл аймагынын башчысы Аскербек Жаңыбаев, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпеева жана тургундар катышты.
Мелдеш спорттун 3 түрү волейбол, шахмат, кол күрөш боюнча болуп өттү. Оюндун жеңүүчүлөрүнө атайын медаль, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Саамалыкты Атай айылынын аялдар кеңеши Айсалкын Эсеналиева демилгелеп сергек жашоого үндөө, үй -бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу жана ынтымакка чакыруу максатында уюштурулуп Атай менен Карл-Маркс айылынын жашоочулары катышты.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply