Жолугушууга мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек Жаңыбаев 2023-жыл ичинде аткарылган жумуштар жана 2024-жылга аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди.
Атай, Карл-Маркс айылынын эли таза суу, алыскы айылга электр энергиясын тартуу, жерлерди ижарага алуу, жаштарды айыл жергесинде калуусу үчүн жер берүү, спорт зал салуу боюнча маселелер айтылды.
Акимдин эл менен болгон жолугушуусунда жарандардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөр келерки жылдын бюджетинен чечиле турганын белгиледи.