Макмал орто мектеби пайдаланууга берилди

Тогуз-Торо районунун борборунда жайгашкан Макмал орто мектебин жаңыдан капиталдык ремонттон өткөрүп пайдаланууга берилди. Ага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев айылдык кеңештин төрагалары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
 Казарман айылында жайгашкан №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби 1983-жылы Макмал алтын кен комбинаты тарабынан курулушу башталып, 1986-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Андан бери бир да капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция агентти “АРИС” долбоору аркылуу 84,0 млн сом бөлүнүп, “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу жана имаратта энергонатыйжалуулукту жогорулатуу максатында” капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп бүтүп, мугалимдердин иштөөсүнө жана окуучулардын билим алуусу үчүн баардык шарттар каралган.
Аким Манас Мураталиев окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлгөнү-келечекке бара турган жолду ачканга барабар экенин баса белгилеп, мектептин абалын жакшыртууда салым кошкон “АРИС” долбооруна, курулушчуларга, эмгек жамаатка ыраазычылык билдирди.
Билим уясы 3 кабаттан туруп, 59 класс болуп мектеп 1170 орунга ылайыкташып, учурда 1570 окуучу билим алууда.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply