Тогуз-Торо районунун прокурору Айыпбек Мамытов «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» мекемелер аралык жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен иштөө тартиби, коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоо, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча маалымат берип, биргеликте жемкорлуктун алдын алууга чакырды.
Катышуучулар коррупцияга каршы күрөштө ар кандай ыкмалар көп жылдык пландар жана жемкорлуктун схемаларына жол бербөө боюнча пландар жана суроо-жооптор менен коштолду.
Соңунда 9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата район аймагында аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилди.
Эскерте кетсек, 9-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк коррупцияга каршы күрөшүү күнү Кыргызстанда 2003-жылдан бери белгиленип келет.