Тогуз-Торо районунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго 95 жыл” аттуу адабий музыка кечеси өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында Тогуз-Торо районунун Т.Токтоналиев атындагы √45 кесиптик лицейинде “Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго 95 жыл” аттуу адабий музыка кечеси өттү.
Кечеге акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, мекеме ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Адабий кечеде райондогу 5 мектептин окуучулары Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “”Тоолор кулаганда” чыгармаларын сахналаштырылган көрүнүштөр, жазуучу тууралуу баяндар жана көркөм окуулар окуучулар тарабынан аткарылып, мугалимдер тарабынан Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулду.
Мындан сырткары “Аалам алпы Чыңгыз Айтматов” аттуу адабий кече райондук “Күнчубак” “Келечек” балдар бакчасынын тарбиялануучулары жазуучунун калемине таандык чыгармаларды сахналаштырылган көрүнүштөр менен каармандарды аткарып беришти.
Мекеме ишканалардын кызматкерлери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарып, көркөм окуу менен жамааттарда жазуучунун бурчу уюштурушуп, даңазалашты.
Тогуз-Торо районунун аймагында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюшулган иш-чаралардын негизги максаты – улуу жазуучунун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо жана атактуу жазуучунун тарбиялык мааниси зор чыгармаларын элге таанытуу менен бирге инсандык тарбиялоону жеткирүү.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply