Коллегияга район акими Манас Мураталиев, райондун прокурору Айыпбек Мамытов, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, айыл аймак башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты
Коллегияда улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү, райондун социалдык-экономикалык абалы, күз кыш мезгилине даярдык жана ичүүчү суу мыйзамын аткаруу боюнча 11 айындагы көрсөткүчтөрү, тармактардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленди.
Аким Манас Мураталиев социалдык мекемелерде кышка даярдык, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, белгиленген лимиттен ашыкча колдонуу көрсөткүчтөрүн болтурбоо, социалдык мекемелерде өрт коопсузудугун камсыздоо жана кар оор түшкөн мезгилде коопсуздук чараларын көрүү, райондун аймагында тазалык, архитектуралык курулуштарды ирээтке келтирүү, медициналык камсыздандырууну калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилди.