Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун имаратынын абалы жана жаңыдан жылуулук түйүнүнө кошулган жугуштуу оорулары бөлүмүнүн жылуулугун текшерип, бейтаптарга жаратылган шарттардан кабар алды
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты буга чейин жылуулук кирген эмес. Учурда көмүр менен жылытууга кошулуп, жылуулук түтүктөрү алмаштырылган.
Аким оорукананын имаратынын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып, райондук мамлекеттик администрациясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири оорукананын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик акушердик пунктарынын иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларды колдоо жана жардам көрсөтүү болуп саналарын баса белгиледи.
Райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун директору Дурия Абдылдаева жетишсиз дарыгерлерди тартуу, медицина кызматкерлерине шыктандыруу максатында кошумча каражаттарды кароо жана оорукананын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүп берүүнү суранды.
Белгилей кетсек райондук оорукана 1986-жылы салынып, андан бери капиталдык ремонт иштери болгон эмес. Учурда эскилиги жетип, капиталдык ремонтко муктаж.