Тогуз-Торо: Алдыңкы дарыгерге чет өлкөгө эс алуусу үчүн жолдомо берилет.

Район акими Манас Мураталиев райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун медицина кызматкерлери менен жолугуп, келерки жылга саламаттыкты сактоо жаатында жасалуучу иштер тууралуу баарлашты. Медицина кызматкерлерин натыйжалуу иштөөсү үчүн жана калктын саламаттыгына кам көрүүдө алдыңкы дарыгерлерди чет өлкөгө эс алуусу үчүн жолдомо берилерин кошумчалады.
Мындан сырткары Тогуз-Торо районунун саламаттык сактоо тармагынын дарыгерлери үчүн Бишкек шаарындагы “Мечта” дүкөнүнөн 15% арзандатуу менен турмуш тиричилик техникаларын сатып алууга сертификат берилди.
Аким Манас Мураталиев райондун мугалимдерин жана дарыгерлерин ар тараптуу колдоодо алдыда дагы долбоорлорду тартуу максатында алар үчүн атайын сертификаттар берилерин кошумчалады.
Дареги:Бишкек шаары
В.Чапаев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде “Мечта” турмуш тиричилик техникалар дүкөнү.
Эске салсак быйыл Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин демилгеси менен “Жыл мугалими 2023” райондук, облустук турдан 1-орунду багындырган жана республикалык сынактын катышуучусу Забида Кулубаевага Турцияга, “Жыл тарбиячысы 2023” Кубанычбек кызы Наргиза Ысык-Көлдүн “Кыргыз деңиз жээги” санаториясына алты күндүк жолдомо берилген.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply