Тогуз-Торо районунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго 95 жыл” аттуу адабий музыка кечеси өткөрүлдү.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында Тогуз-Торо районунун Т.Токтоналиев атындагы √45 кесиптик лицейинде “Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго 95 жыл” аттуу адабий музыка кечеси өттү. Кечеге акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, мекеме ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.…
