Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиевдин эл менен жолугушуусу Каргалык айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өттү. Жолугушууга мекеме ишканалардын жетекчилери, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев, айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов жана тургундар катышты.
Жолугушууда тургундар жайыт жерлерин туура пайдалануу, күздүк буудай айдоо, айыл чарба багытындагы көйгөйлөр, үрөөндөрдү иштетүү, борбордук суунун айланасын коргондоо, ирригация системасын жандандыруу, түндүк-түштүк альтернативалуу унаа жолундагы эстакадалык көпүрөнү жарыктандыруу, ички жолдорду асфальттоо, ветеринардык адистерди даярдоо жана мал жандыктарды идентификациялоодон өткөрүү, жана оорулуу мал жандыктарды көмүү үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында яма беккарри салуу иштерин колго алууну сунуштады.
Соңунда район акими ар бир кайрылуу боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынаарын билдирип, айтылган айрым маселелер менен жеринен таанышып келүү боюнча тийиштүү тармактын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, акимдин эл менен жолугушуусу эртең саат 08:00дө Тогуз-Торо айыл аймагынын Кош-Булак, Дөдөмөл, Чет-Булак жана Ленин айылынын эли менен жолугат.