Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылында кичи футбол аянтча пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылышка район акими Манас Мураталиев, айыл өкмөт башчысы Эмил Артыкбаев, айылдык кеңештин төрагасы Таалай Токтоболотов, айылдык кеңештин депутаттары, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Район акими Манас Мураталиев: “Спорт аянтчасы айыл эли, жаштар үчүн пайдалуу болуусун каалап, окуучуларды сергек жашоого үндөдү”
?Кичи футбол аянтчасынын тендердик баасы 2 216 429сомго “Черик Курулуш” ЖЧКоому тарабынан жүргүзүлдү.
Андан соң аким, Манас Мураталиев айыл элинин көйгөйүн угуп, сугат суу маселесин чечүү үчүн Жогорку жана кичи Ак-Күп каналынын учурдагы абалы менен таанышты. Жогорку Ак-Күп жаңы канал ишке кирсе айдоо аянттары кеңейет жана суугат суу менен камсыздалат. Каналдын жалпы узундугу 21 км, ал эми ички каналдардын узундугу 66 км түзүп, 2500 га жер аянтына суу жетет.
Белгилей кетсек буга чейин Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Жогорку Ак-Күп каналынын ишке кирип, долбоорду ишке ашыруу 2024-жылы башталаары маалым болгон.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply