Казарман айылынын бир катар курулуштары менен аким Манас Мураталиев жеринен кабар алды.

Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Артыкбаев айыл аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен тааныштырды.
Алгач райондун борбордук Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркынын курулушун көрдү. Парктын аянты 5 чарчы жерди ээлеп, учурда жарандар жөө басуучу жолдорго таш таман төшөө, жарыктандыруу жана олтургучтарды коюу жумуштары калган. Аким “Тагай курулуш” ЖЧКоомуна аянттын курулушнун сапатына көңүл буруп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
 Андан соң Тогуз-Торо районунда кыш оор болгондуктан Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү балдар ойноочу муз аянтчасын салууну демилгедешкен. Муз аянтча кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү максатында Казарман айылында узуну 60 метр, туурасы 30 метр. Хоккей ойноочу аянтчаны жергиликтүү бюджеттин жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштерин “Черик Курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырууда. Келген көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу жагын тапшырды.
Каргалык айыл аймагы райондун борбору болгондуктан мал жандыктарды көмүү үчүн яма беккарри жергиликтүү казынадан 530 миң сомго айланасы коргондолуп салынган.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн “Айдай” бала бакчасына кошумча салынып жаткан концерттик бөлмөсүнүн курулушу, бакчанын жылуулугу, балдарга жаратылган шарттарды текшерди.
“Таза кызмат” муниципалдык кызматынын демилгеси менен имаратынын курулуш иштери жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Каргалык айыл аймагын жарыктандыруу максатында жергиликтүү бюджеттен 1380 мин сом акча каражаты каржыланып, Т.Кожалиев көчөсүнүн күн-батыш тарабына 46 даана күн чырак орнотулуп, 2 км аралыгы жарыктандырылды. Мунун натыйжасында Казарман айылынын Беш-Там участкасындагы жашоочулардын жол каттамына ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Жарыктандыруу иштери “Нурман Строй” ЖЧКоому тарабынан жургузулду.
Соңунда курулуш иштеринин сапатына көңүл буруу, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply