Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту.
Жолугушууга айылдык кеңештин төрагасы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Темирбек Арун уулу 2024-жылга аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берди.
Андан соң жашоочулар тарабынан Казарман-Дөдөмөл унаа жолун кышка карата сүрдүрүү, жер алуу, Дөдөмөл айылында фельдшердик акушердик пунктун капиталдык оңдоого өткөрүү, реанимобиль уюштуруу, “Наристе” бала бакчасынын ишин жандантуу маселелери айтылды.
Өрнөк айылында таза суу, мектептин чатырын алмаштыруу, алгачкы жардам көрсөтүү пунктуна жылытуу системасын киргизүү боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Аким элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле бир катар көйгөйлөр келерки жылдын бюджетинен чечиле турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, акимдин эл менен жолугушуусу эртең саат 10:00дө Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу, Табылгыты айылынын эли менен жолугушат.