Райондук С.Сыдыков атындагы маданият бөлүмүнүн жана тарыхый этнографиялык музейинин кызматкерлеринин катышуусунда “Манас” эпосунун күнү белгиленди. Ага акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова мугалимдер жана окуучулар катышты.
Маданият кызматкерлери тарабынан “Манас” эпосунун уюткулуу журтту улут катары калыптандырууда, руханий дөөлөттү арттыруудагы жана патриоттук ар намыска тарбиялоодогу зор салымын эске алуу менен Манас айтуу жана Манас эпосунун тарыхы тууралуу көргөзмө жана баяндама жасалып, мектеп окуучулары тарабынан кыргыз орус тилдеринде Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.
Белгилей кетсек райондогу мектеп, бала бакча жана мекеме ишканалардын кызматкерлери тарабынан район боюнча “Манас” эпосунун күнү белгиленди