Дарыгерлер тобу жеринен медициналык кароодон өткөрүүдө

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө” карата 20-февралдан 20-мартка чейин бир айлык акция жарыяланган. Жарыяланган бир айлыктын алкагында райондук А.Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун дарыгерлер тобу Атай айыл аймагынын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана 100 жаштагы Токтокан Тазованы 8-март Аялдардын эл аралык күнү майрамы менен…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда жетекчи айымдарды майрамы менен куттуктады

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Манас Мураталиев жетекчи мырзалар менен биргеликте 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташып, атайын даярдалган белектерин тапшырышты. Аким Манас Мураталиев майрам ээлери болгон айымдардын коомдогу ордун жана райондун өнүгүүсүнө салым кошкон жетекчи айымдардын үй-бүлөлөрүнө бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда 8-март Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Казарман айылынын √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде майрамдык салтанат өттү. Майрамдык салтанатка көп балалуу энелер, социалдык жактан колдоого муктаж жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, медицина жана билим берүү уюмдарында эмгектенген жалпы 120 аял катышты. Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда Ак калпак күнү белгиленди.

Райондун борбордук көчөсүндө 400гө жакын адам ак калпак күнүн белгилөө менен жөө жүрүшкө чыкты. Жөө жүрүшкө акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты. Жүрүш борбордук көчөдөн башталып, “Ак калпак Ала-Тоонун символу” деген ураан чакырып райондук маданият үйүнө бет алышты.…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Райондук мамлекеттик администрациясында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата жаңыланган туу илинип, туу күнү белгиленди. Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Тогуз-Торо районунун прокурору Айыпбек Мамытов мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышты. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек Мамлекеттик туунун…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук ооруканасына жаңы төрөлгөн ымыркайда кан тапшырбастан изилдөө аппараты алынды.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Дурияхан Абдылдаеванын маалыматында оорукананын төрөт бөлүмүнө жаңы төрөлгөн ымыркайларда кан тапшырбастан Bilitest аппараты менен баланын башына 10 секунд коюп, канды анализге албай туруп, билирубиндин деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк жаралды. Билитест – бул дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу өнүгүү. Бул аппарат аркылуу баланын тери астындагы ткандарынын саргаюунун даражасын өлчөгөн рефлектордук…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаңы дайындоо

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим жана Атай аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Жаңыбаев Аскербек Карыпбекович дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды. Жаңыбаев Аскербек Карыпбекович 1970-жыл 23-июнунда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн Билими 2000-жыл И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых жана кошумча “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу”адистиги Эмгек жолу:…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Короосунда эмерек чыгарган ишкер

Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев Казарман айылынын тургуну Алтынбек Карабагышовдун эмерек жасап чыгарган ишкердүүлүгү ишкердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Ишкер “Казарман” коомдук фондунан 1,5 млн акча каражатын алып, атайын техникалык аппараттар менен толукталып, учурда 5 жумуш орунун түзүп, үйгө керектелүүчү эмеректердин түрүн жасап чыгарууда. Район акими ишкерлерди колдоо максатында колдоо…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Эл аралык сынакта Көркөм өнөр мектебинин бийчилери алдыңкы орунду багындырды.

Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында “Tashkent Eurasian Dance 2024” эл аралык сынакта Тогуз-Торо районунун Балдар көркөм өнөр мектебинин бийчилери алдыңкы орунду багындырды Кыргыз бийи 1-орунду, өзбек бийи 3-орунду багындырып атайын кубок, медаль жана жолдомо сертификатка ээ болушту. Мугалими Көркөм өнөр мектебинин бий ийриминин мугалими Күмүшкан Чотурова Аталган мектептен жалпы 24 окуучу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

«Манас таануу» таймашы Тогуз-Торо районунда

Казарман айылынын √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук этабы болуп өттү. Таймашка акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, уюштуруу тобу, мугалимдер жана окуучулар катышты. Таймашка райондогу жалпы билим берүү мектептеринен 16 тайпа катышты. Таймаштын жүрүшүндө үчтөн топтор чыгып, ар бир топко төрттөн…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: