Тогуз-Торо районунда Ак калпак күнү белгиленди.

Райондун борбордук көчөсүндө 400гө жакын адам ак калпак күнүн белгилөө менен жөө жүрүшкө чыкты.
Жөө жүрүшкө акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Табылды Салиманов, мекеме ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Жүрүш борбордук көчөдөн башталып, “Ак калпак Ала-Тоонун символу” деген ураан чакырып райондук маданият үйүнө бет алышты.
Маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан улуттук баш кийимдин түрлөрү маанисин сактоо жана сыйлоо максатында маалыматтар берилип, концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек Ак калпак күнүн белгилөө 2016-жылдан бери 5-мартта расмий белгиленип келет. Күндү белгилөөнүн демилгечиси режиссер Рысбек Жабировго таандык.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Leave a Reply