Райондук мамлекеттик администрациясында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата жаңыланган туу илинип, туу күнү белгиленди.
Ага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Тогуз-Торо районунун прокурору Айыпбек Мамытов мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышты.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы менен куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек мамлекеттик тууну расмий 2023-жылдын 26-декабрында өзгөрткөн. Желектин кызыл түсү эркиндикти, биримдикти, баатырдыкты, жеңишти билдирип, күндүн 40 нуру кыргыздын кырк уруусунун бир түндүктүн алдына биригишин чагылдырат.