Аталган оорукананын башкы дарыгери Дурияхан Абдылдаеванын маалыматында оорукананын төрөт бөлүмүнө жаңы төрөлгөн ымыркайларда кан тапшырбастан Bilitest аппараты менен баланын башына 10 секунд коюп, канды анализге албай туруп, билирубиндин деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк жаралды. Билитест – бул дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу өнүгүү.
Бул аппарат аркылуу баланын тери астындагы ткандарынын саргаюунун даражасын өлчөгөн рефлектордук типтеги аппарат. Мындан сырткары кош бойлуу энелердин саламаттыгына кам көрүү максатында кошумча медициналык жабдуулар да алынган- деди Д.Абдылдаева
Андан сырткары, аталган ооруканага кычкылтек концентратору, ардиотокография аппараты ымыркайлардын жана аялдардын жүрөк соогусуна байкоо жүргүзүүчү аппараттар алынып келинген.