Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим жана Атай аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Жаңыбаев Аскербек Карыпбекович дайындалып, эмгек жамаатка тааныштырылды.
Жаңыбаев Аскербек Карыпбекович
1970-жыл 23-июнунда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн
Билими
2000-жыл И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Тарых жана кошумча “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу”адистиги
Эмгек жолу:
1987-1989-жылга чейин Атай совхозунун “Жаштык” комсомолдук бригадасынын бригадири.
1989-1991-жылга чейин Советтик Армиянын катардагы жоокери
1992-2016-жылга чейин Атай айылында уюшулган “Жантөрө” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
2016-2021-жылга чейин “Козен” ААКнун директору.
2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы.