Казарман айылынын √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде майрамдык салтанат өттү.
Майрамдык салтанатка көп балалуу энелер, социалдык жактан колдоого муктаж жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, медицина жана билим берүү уюмдарында эмгектенген жалпы 120 аял катышты.
Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, саламаттык сактоо тармагында, айыл аймактын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Ардак грамота жана майрамга арналган белектерин тапшырды.
Иш-чара райондук балдар искусство мектебинин оркестр тобу жана окуучулары тарабынан майрамдык концерт тартууланды.