Эл аралык сынакта Көркөм өнөр мектебинин бийчилери алдыңкы орунду багындырды.

Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында “Tashkent Eurasian Dance 2024” эл аралык сынакта Тогуз-Торо районунун Балдар көркөм өнөр мектебинин бийчилери алдыңкы орунду багындырды Кыргыз бийи 1-орунду, өзбек бийи 3-орунду багындырып атайын кубок, медаль жана жолдомо сертификатка ээ болушту. Мугалими Көркөм өнөр мектебинин бий ийриминин мугалими Күмүшкан Чотурова Аталган мектептен жалпы 24 окуучу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

«Манас таануу» таймашы Тогуз-Торо районунда

Казарман айылынын √1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук этабы болуп өттү. Таймашка акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, уюштуруу тобу, мугалимдер жана окуучулар катышты. Таймашка райондогу жалпы билим берүү мектептеринен 16 тайпа катышты. Таймаштын жүрүшүндө үчтөн топтор чыгып, ар бир топко төрттөн…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда.

Райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун директору Дурияхан Абдылдаеванын маалыматында оорукананын дары дармектерди сактоочу кампага кошумча эмеректер, дарыгерлер үчүн стол стулдар жана бейтептар үчүн атайын төшөк матрастар жаңыланып алынып келинди. Айтымында бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Алдыда…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда жетекчи мырзаларды майрамы менен куттуктады

Райондук мамлекеттик администрациясында райондогу жетекчи айымдар, жетекчи мырзаларды Ата мекенди коргоочулардын күнү менен куттукташып, атайын даярдалган Гапыр Маламиновдун ” Жетекчиге жеке талап” аттуу китеп белектерин тапшырышты. Акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпеева майрам ээлери болгон мырзаларды мекенди коргоодо өзгөчө орду бар экендигин белгилешип, жетекчи мырзаларга…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмеси өттү

Район акими Манас Мураталиев райондук мамлекеттик администрациясында координациялык кеңешме өткөрдү. Ага координациялык кеңешменин курамы, жол кыймылынын коопсуздугунун инспектору, райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, укук коргоо органдары, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери, айыл аймактардын катчылары жана соцадистер катышты. Кеңешмеде “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Ишкердик субъектилердин укугун коргоо боюнча жыйын өттү

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында ишкердик субъектилердин укугун коргоо боюнча район прокурору Айыпбек Мамытов “Ишкердик субъекттилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө маалымат берип, ишкерлердин суроолоруна жооп берди. Прокурор Айыпбек Мамытов ишкердик субъекттердин экономикалык ишин турукташтыруу, бизнес-чөйрөнү андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, инвестициялык климатты тартуу жана жакшыртуу, ишкердик субъекттердин…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Кулактандыруу!!!

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары жана жеке ишкерлери Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында район боюнча кызыктар тараптарды кызматташууга чакырат. Долбоордун максаты бөбөктөрдү бала бакча менен камтуу деңгээлин жогорулатуу, бала…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Жаңы дайындоо

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинине караштуу Мамлекеттик Салык кызматынын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыктын башчысы болуп Таалайбек Өмүрбек уулу дайындалды. Таалайбек Өмүрбек уулу 1990-жылы 8-апрелде Бишкек шаарында туулган. Билим жогорку 2018-жыл Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жогорку окуу жайынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигин бүтүргөн Эмгек жолу 11.02.2022-жыл Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу…

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Тородо муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

“Ас-Сафа” фонду Атай, Көк-Ирим айыл аймактын тургундарына колдоо көрсөтүп, социалдык жактан аз камсыз болгон турмуштук оор кырдаалга кабылган 135 үй-бүлөлөргө 9 мүшөктөн 68 тонна акысыз көмүр таратылды.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа:

Тогуз-Торо районунда 200 үй-бүлөгө ун жана май берилди

“Ихсан Хайрия” кайрымдуулук фонду тарабынан райондогу аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө 25кг ун, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды таратты. Келе жаткан орозо айына карата кайрымдуулук ирээтинде райондун 5 айыл аймактардын каттоосунда турган социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды.

Толук окуу…

Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа: