Райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгердик тажрыйба борборунун директору Дурияхан Абдылдаеванын маалыматында оорукананын дары дармектерди сактоочу кампага кошумча эмеректер, дарыгерлер үчүн стол стулдар жана бейтептар үчүн атайын төшөк матрастар жаңыланып алынып келинди.
Айтымында бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Алдыда оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракети улана бермекчи”- деди Д.Абдылдаева.
Оорукана 1988-жылы салынып, 70 койкана ылайыкталган.